Редакцияот 23.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин II чакырылышынын XX сессиясы

 

2014-жылдын 23-апрели № 20/4

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетине жана атайын төлөм каражатына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Кеңеш» балдар бакчасына ата-энелердин эсебинен төлөм каражаты топтолгондугуна байланыштуу атайын төлөм каражатына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 89 900 сом өлчөмүндө киргизилсин (тиркеме тиркелет).

2. Балдар бакчасындагы балдарга бир ирет чашка тамак берүү үчүн ата-энелерден топтолгон каражаттын эсебинен атайын төлөм каражатына 89 900 сом өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет) .

3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-эконо-мика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Калмуратовго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин бюджет,социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иши боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жусупов