Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-декабры № 22/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы менен социалдык –экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жана 2015-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбеков Турдумамт Мамасалиевичтин отчету
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы менен социалдык –экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жана 2015-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбеков Турдумамат Мамасалиевичтин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-эконмикалык жактан өнүгүшүнүн абалы боюнча 2014-жылга аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2015-жылга карата алдыдагы милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Т.Рысбековдун маалыматын угуп бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин жана айтылган сын- сунуш-тардын негизинде алдыдагы 2015-жылга карата өткөрүлө турган иш чаралардын програм-масын толуктап иштеп чыгып депутаттардын айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги сессиясына бекитүү жагы сунушталсын.
2. Алдыда аткарыла турган иштер боюнча толуктап түзүлгөн иш чаралардын програм-масынын негизинде айылдык Кеңештин аймагын стратегиялык өнүктүрүүгө, агрардык секторду реформалоого, жердин натыйжалуу пайдаланууга,ирригациялык системаларды оң абалда кармоого, малдын жана үй канаттууларынын башын сактоого жана көбөйтүүгө , оор климаттык шарттарды эске алуу менен өстүрүлгөн түшүмдү сапаттуу жана өз уба-гында жыйнап алууга, колдо болгон техникаларды сапаттуу пайдаланууга, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө, аларга шарт түзүүгө, түз инвестирлөө булактарын тартууга көңүл буруу жактарын өз алдынча башкаруу жааматтарына , айыл башчыларына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелери, маданий жана медициналык тейлөөнүн сапаттык деңгээлин жогорулатуу боюнча изденүүчүлүк , чыгармачылык иштерди жүргүзүү, керектүү социалдык маданий коммуналдык обьектилерди оңдоо, куруу , жаштар саясаты, спорт, туризм багытындагы иш чараларды толугу менен жүзөгө ашыруу жактары жааматтын башчыларына, айылдардын башчыларына жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин курулуш , транспорт, соода, байланыш , инвестиция , энергетика, социалдык – экономикалык онугуунун болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|