Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-декабры № 22/2
Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы Кеңеш айылдык маданий борборуна Кеңеш айылынын тургуну, маданият кызматкеринин отличниги Турдубаева Забиранын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы Кеңеш айылдык ( маданият үйү жана китепканасына ) маданий борборуна , Республикалык китепканада көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, маданият кызматкеринин отличниги, ишкер айым Турдубаева Забиранын ысымын ыйгаруу жөнүндө депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин аймагындагы Кеңеш айылдык маданий борборуна (айылдык клуб жана айылдык китпканасына ), маданият кызматкеринин отличниги, ишкер айым Турдубаева Забиранын ысымы ыйгарылсын.
2.Кеңеш айылдык маданий борборуна Турдубаева Забиранын ысымы ыйгарылгандан баштап, маданий борбордунайрым оңдоп , түзөө иштерин колго алуу жана ар түрдүү маданий иш- чаралардын өткөрүлүшүнө жакындан колдоокөрсөтүп туруу жагы Турдубаева Забиранын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий , коммуналдык менчик, маалымдуулук , жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жусупов
|