Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-январы № 6-14-1
“Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин
токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизинде Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|