Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-марты № 6-16-1
“КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине жазылган долбоордун негизинде айыл аймагынын Боспиек айылына суу түтүктөрүн алып келүү үчүн келип түшкөн 1026,6 миң сом акча каражатын жумшоо жөнүндө”
Жерге-Тал айылөкмөтүнүн башчысынын Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылына долбоордун негизинде суу түтүктөрүн алып келүү жөнүндөгү аткарылуучу иш-аракеттери жөнүндөгү сунуштарын угуп, талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине жазылган долбоордун негизинде Жерге-Тал айыл айыл аймагынын Боспиек айылына суу түтүктөрүн алып келүү үчүн келип түшкөн 1026,6 миң сом акча каражаты аталган курулуш үчүн жумшалсын.
2. Алдын ала божомолдуу эсептөөлөрдүн негизинде жетишпеген акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Сагынбаевге жана жергиликтүү кеңештин депутаты А.Ботоевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|