Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 6-17-1
“Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттык бөлүмүнө сунушталган
«Боспиек айылындагы №37-орто мектебинин спорт залынын имаратын капиталдык ремонттоо»
долбооруна жергиликтүү бюджеттен акча бөлүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттык бөлүмүнө сунушталган «Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылындагы №37- орто мектебинин спорт залынын имаратын капиталдык ремонттоо» долбоорун колдоо максатында 170,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттык бөлүмүнө сунушталган «Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылындагы №37- орто мектептин спорт залынын имаратын капиталдык ремонттоо» долбоорун колдоо максатында 170,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Аталган сумманы жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Г.Анарбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Сагынбаевге жана жергиликтүү Кеңештин депутаты С.Ботоевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|