Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 6-18-1
“Капчыгай айылынын мамлекеттик фондуга тиешелүү кайракы жеринен айыл чарба
категориясынан калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө”
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 13.04.2015-жылдагы №3-Токтомун угуп жана талкуулап,Жерге-Тал айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айылынын жашоочуларына турак–жай куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү максатында Капчыгай айылынын мамлекеттик жер балансындагы кайракы жеринен 4,20 га жер аянтын айыл чарба категориясынан калктуу конуш категориясына жана Жерге-Тал айылындагы 21 га айыл чарба багытындагы көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлерди сугат айдоо жер аянтына которууга макулдук берилсин.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
3. Капчыгай айылынын кайракы жеринен 4,20 га жер аянтын жана Жерге-Тал айылындагы бактын жеринен 21 га жер аянтын трансформациялоо үчүн тиешелүү болгон иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шакиевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|