Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 6-18-2
“Жерге-Тал айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелердин негизинде түзүлгөн кичи долбоордун
ичинен артыкчылыктуу кичи долбоор деп табууну бекитүү жөнүндө”
Жерге-Тал айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын отуруму кабыл алган чечим боюнча сунушту угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын конкурстук комиссиясы сунуштаган айыл аймагы боюнча түзүлгөн кичи долбоорлордун ичинен «Айыл аймагынын жаңы конуштарына КТП трансформаторлорун орнотуу,электр чубалгыларын жана электр мамыларын жаңылоо» кичи долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Бул кичи долбоору боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап,АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3»долбооруна жөнөтүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Н.Тургунбаевага жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|