Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 6-19-1
“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын эки эссе көтөрүү жөнүндө”
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 8.04.2015-жылдагы №09-3-6/4848 Көрсөтмөсүнүн негизинде жер салыгынын ставкаларын үч эсеге чейин жогорулатуу сунушун угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2016-жылдын 01-январынан баштап жер салыгынын ставкасы эки эсеге жогорулатылсын.
2. Жер салыктары төмөнкүдөй болуп кабыл алынсын:
-там арка жер салыгы-1(бир) сотукка 10(он) сом;
-айыл чарба багытындагы жерсалыгы 1га га-125,96 сом;
-мүлксалыгы 1,2.3 группа боюнча;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Жумабаев Эрланга жанажер,айыл чарба,агрардыкжана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|