Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 6-19-2
“Жерге-Тал айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине
жана ооруктун ардагерлерин сыйлоо жөнүндө”
Жерге-Тал айыл аймагынын башчысы З.Көпөеванын Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жана Жерге-Тал айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун ардагерлерин акчалай сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап,жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Жерге-Тал айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 5000 сом, ооруктун ардагерлерине 1000 сом,согуштун ардагерлеринин жесирлерине 500 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар берилсин жанаУлуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган жыл ичиндеги тиркемеге ылайык түзүлгөн ишчаралар жогорку деңгээлде өткөрүлсүн.
2. Ардагерлерди сыйлоогожанаУлууЖеңиштин 70 жылдыгына арналган жыл ичиндеги иш чараларга жумшалуучу акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Г.Анарбаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Сагынбаевге жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н.Тургунбаевага жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|