Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 6-19-3
“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы
Жерге-Тал айылында жайгашкан Миң-Булак сайынан
кум, таш, шагыл алууга тыюу салуу жөнүндө”
Айыл өкмөттүн турак жай жана коммуналдык чарба боюнча адиси М.Сарымсаковдун Жерге-Тал айыл аймагындагы Миң-Булак сайынан курулуш үчүн кум,шагыл,таш алуулардын кесепетинен Жерге-Тал айылы үчүн тартылган таза суу системасынын бузулушуна чоң таасир тийгизип жаткандыктан,бул сайга курулуш үчүн кум,шагыл алууга тыюу салып берүү сунушун угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылында жайгашкан Миң-Булак сайынан курулуш үчүн кум,шагыл,таш алууга тыюу салынсын.
2. Тиешелүү жерлерге тыюу салуу жөнүндөгү эскертүүлөр жайгаштырылсын.
3. Эскертүүгө карабай кум,шагыл,таш алгандарга тиешелүү чара көрүп берүү жагы боюнча укук органдарына кайрылуу жасалсын.
4. Токтом маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Жумабаев Эрланга жана жер, айылчарба, агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|