Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 4
“Таза суу” муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө”
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын № 4токтомунун негизинде “Оро айыл өкмөтү” мекемеси каттоо датасы 28.06.2012-ж. каттоо № 123786-3307-У-е код ОКПО 20045884, идентификациялык салык номери №00112199510106,
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Оро айылдык аймагынын Оро айыл өкмөтү, Сурапов Элеман Эргешовичтин башчылыгында
Кыргыз Республикасынын ЖӨАБ мыйзамынын 6-беренесинин жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин негизинде Оро айылдык кеңешинин 01.04.2015-ж. 9-чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бакай-Ата Таза суу “ муниципалдык ишканасыннын юридикалык жак катары түзүлүүсүнө жана төмөнкүдөй аталышына макулдук берилсин.
2. “Бакай-Ата Таза Суу” муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
3. “Бакай-Ата Таза Суу” муниципалдык ишканасынын директору болуп (Токоналиев Саадабай Сыйдалиевич) дайындалсын.
4. “Бакай-Ата Таза Суу” муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Талас облусунун юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана аны өткөрүү жагы Муниципалдык ишкананын жетекчиси (Токоналиев Саадабай Сыйдалиевичке) жүктөлсүн
Оро айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Акматов |