Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 32/115
Кызыл–Кыя шаарынын 6 айлык жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга шаардык бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышына төмөнкү бюджеттик мекемелердин чыгаша статьяларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 704.“Экономикалык” бөлүкчөсүнөн 900,0 миң сомго кыскартылып, билим берүү бөлүмүнө “Мерсико” уюумуна долбооруна өздүк салым катары Кызыл-Кыя шаарындагы балдар бакчаларына 3111 “Активдер” статьясына 1103,5 миң сомго,
- Кызыл-Кыя шаарынын №4 А.С. Пушкин атындагы орто мектебинин 2221 “Учурдагы оңдоо” статьясына 173,2 миң сомго,
- Кызыл-Кыя шаарынын №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин 3112 “Активдер” статьясына 46,7 миң сомго,
- Кызыл-Кыя шаарынын №6 Токтогул атындагы орто мектебинин 2221 “Учурдагы оңдоо” статьясына 46,2 миң сомго, 3112 “Активдер” 93,0 миң сомго,
- Кызыл-Кыя шаарынын №7 Т.Иметов атындагы орто мектебинин 3112 “Активдер” статьясына 48,9 миң сомго,
- Кызыл-Кыя шаарынын №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинин 3112 “Активдер” статьясына 43,0 миң сомго,
- Кызыл-Кыя шаарынын №10 А.П. Гайдар атындагы орто мектебинин 3112 “Активдер” статьясына 37,3 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2) Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттарынын киреше планы 1700,0 миң сомго көбөйтүлүп, 2218 “Тамак аш сатып алуу” статьясы 1600,0 миң сомго 22221200 “Башка чыгымдар” статьясы 100,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
3) Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2221 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 20,0 миң сомго кыскартылып, 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статьясына 20,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
4) Кызыл-Кыя шаарынын 2015-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 704.“Экономикалык” бөлүкчөсүнөн 500,0 миң сомго кыскартылып, Кызыл-Кыя шаарындагы Джамбул көчөсүндө жайгашкан көпүрөөнү оңдоого шаардын муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер” статьясына 500,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |