Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 32/116
Кызыл-Кыя шаарынын Күнгөй-3, Машзавод-2 жана Восток-2 участкаларына шаардын жарандарына жеке турак жай салуу үчүн башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 2-июнундагы №01-8/721 кайрылуу катын, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, азыркы мезгилдеги шаардын калкынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерине болгон муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-, 11- жана 14-беренелерине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган Кызыл-Кыя шаарынын Күнгөй-3, Машзавод-2 жана Восток-2 участкаларындагы жер тилкелерин Кызыл-Кыя шаарынын жана шаардын карамагындагы айылдардын тургундарына турак жай куруу үчүн түзүлгөн схематикалык башкы планынын контурлары такталып, мамлекеттик каттоо башкармалыгынын коңушулаш жерлер боюнча корутундулары тиркелип, кезектеги сессиянын кароосуна калтырылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысына (А.Мурзатовго) Кызыл-Кыя шаарынын Күнгөй-3, Машзавод-2 жана Восток-2 участкаларындагы жер тилкелерин Кызыл-Кыя шаарынын жана шаардын карамагындагы айылдардын тургундарына турак жай куруу үчүн түзүлгөн схематикалык башкы планынын контурларын тактап, кезектеги сессияга алып чыгуу үчүн туруктуу комиссиянын кароосуна сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысына (М.Турдалиевге) Кызыл-Кыя шаарынын Күнгөй-3, Машзавод-2 жана Восток-2 участкалары жайгашкан жерлер боюнча корутунду берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |