Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-апрели №96
Көк Дөбө айылынын тургундарынын жана Көк Дөбө айылындагы №51 кесиптик лицейдин эмгек жааматынын Кыргыз Республикасынын алдындагы Мамлекеттик фондунун туртку берүүчү гранты аркылуу Көк Дөбө айылындагы айылдык клубдун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча кайрылуусу жөнүндө
Кыргызстан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк Дөбө айыл тургундарынын жана №51 кесиптик лицейдин эмгек жааматынын кайрылуусуна байланыштуу Көк Дөбө айылындагы айылдыка клубду капиталдык ремонттон өткөрүүдө өздүк үлүшкө демөөчү катары №51 кесиптик лицейдин атайын эсебинен 20 мин сом акчалай жана Көк Дөбө айылдык жааматынын эсебинен 25,0 мин сом өлчөмүндөгү «Ашар» жолу аркылуу Эмгек улушу бекитилсин.
2. Айылдык клубду капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө долбоордун жетекчиси катары Көк Дөбө айылындагы №51 кесиптик лицейдин директору Тажибаев М.Д. бекитилсин.
3. Айылдык клубдун капиталдык ремонттон өткөрүүдө аткарылуучу жумуштарды аныктоо (дефектный акт) боюнча акты түзүү үчүн төмөнкү курамдагы комиссия мүчөлөрү бекитилсин.
1. Ажыгулов Ж-Көк Дөбө а/тургуну, инженер курулушчу
2. Султакеева Б.-Директордун орун басары
3. Торобеков М.-топтун мүчөсү
4. Жумагулов А.-айыл тургуну
5. Мамырбаев С.-айыл тургуну
6. Осмоналиев Б-инженер курулушчу
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кыргызстан айыл округ башчысы А.Батырбековага жүктөлсүн.
Кыргызстан айылдык кеӊешинин төрайымы |
Ч. Абдрахманова |