Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 32/117
Кызыл-Кыя шаарынын генералдык планын талкуулоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын генералдык планын түзгөн “Архклуб” ЖЧКнун өкүлүнүн берген маалыматы, аткарган иштери жана көрсөтүлгөн 3G тасмасы эске алынсын.
2. “Архклуб” ЖЧКсы тарабынан тартылып, даярдалып сунушталган Кызыл-Кыя шаарынын генералдык планы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин ар дайым иштеген 6 туруктуу комиссияларынын кароосуна сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |