Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 32/118
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 24/80
“Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автопарковкалар жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 24/80 “Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автопарковкалар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун 5-пунктунун 3–катарынан баштап “автотранспортторду парковкалоочу автостаянкалар бекер пайдаланылсын автостоянкаларга автоунаасын парковкалаган автоунаа ээлеринен автопарковка үчүн акы алынбасын” деген сүйлөмдүн ордуна “автотранспортторду парковкалоочу автостаянкалар акы төлөнүп пайдаланылсын автостоянкаларга автоунаасын парковкалаган автоунаа ээлеринен автопарковка үчүн акы алынсын” деген сүйлөм менен толукталсын;
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешнин 2014-жылдын 14-ноябрындагы “Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автопарковкалар жөнүндө” № 24/80 сандуу токтомунун өзгөртүлгөн 5-пуктуна ылайык көрсөтүлгөн автостоянкаларды Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаменти балансына алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |