Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 32/119
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014–жылдын 26–декабрындагы № 26/92
“Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин алдында көрктөндүрүү комбинаты “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин муниципалдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2015–жылдын 4–июнундагы № 35 протоколунун чечиминин негиз, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014–жылдын 26–декабрындагы № 26/92 “Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин алдында көрктөндүрүү комбинаты “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
– токтомдун 1–пунктунун 1–катарындагы “Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин алдында” деген сүйлөм “Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдында” деген сүйлөмгө өзгөртүлсүн.
2. Суралсын Баткен областык юстиция башкармалыгынан Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы «Кызыл–Кыя тазалык» муниципалдык ишканасын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин муниципалдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясыны тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |