Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2010-жылдын 13 июлу №3
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы унаа токтоткондугу үчүн алынуучу акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан жазылган каттын негизинде жана шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Каратаевдин маалыматын эске алып жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоонун максат кылып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊештин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Темирбаев 3. менен түзүлгөн келишимдин мөөнбөтү аяктаганга байланыштуу Жалал-Абад шаардык кенешинин 2009-жылдын 28-январындагы кенейтилген туруктуу комиссиянын чечими жокко чыгарылсын.
2. Шаар территориясындагы авто унаа токтотуучу жайлардан акы алуу муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан түздөн түз иш жүзүнө ашырылсын жана юридикалык жана физикалык субъектилерден автоунаасын токтоткондугу үчүн (парковка) ар бир авто унаадан 10 (он) сом (эсеп көрсөткүчтөн 10%) өлчөмүндө салык жыйымы бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык кенешинин 2009 - жылдын 25 - ноябрь айындагы кезексиз III сессиясынын №2 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
4. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин торагасы (Т. Касымов) түшкөн каражатты муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин киреше бөлүгүнө тушуруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин курулуш,транспотр коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага | Т. Энназаров
|