Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 17-1
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга
бюджети жана 2016-2017-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга каралган бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна 28,31статьясына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 13272,6 миң сомго, анын ичинен атайын эсепке 333,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. 2015-жылга бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга бюджетинин
болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3-тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2016-жылга 13898,0 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7212,0 мин, сом менен) жана 2017-жылга 14504,3 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7346,0 миң сом менен) белгиленсин.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкретүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн бюджеттик каржылоосуна кал ары аныкталсын.Айыл өкмөтү казыналыктын регионалдык бөлүм тышкары, өкмөтүнүн кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (айыл өкмөтүнүн кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджета 2016-2017- жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунтуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу :
токтомдун 1 -беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул бюджеттин киреше белугунен азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого;
6. 2015-жылда бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизуу айыл кеңешине ыйгарылсын.
7. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Марипов жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Токоев тарабынан көзөмөлгө алынсын.
8. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 34610,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 34236,0 мин сомго же кирешенин чыгашадан 373,8 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин экономика бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |