Редакцияот 27.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 17 сессиясы

 

2015-жылдын 27-февралы № 17-8

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы спорт комплексти жана Кыргыз-Ата

маданият үйүн юстициядан каттоодон өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы спорт комплексти жана Кыргыз-Ата маданият үйүн каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда талкуулап жана депутаттардын сессиясында карап чыгып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан спорт комплекси жана Кыргыз-Ата

маданият үйү юстициядан каттоодон өткөрүлсүн.

2. Спорт комплексти жана Кыргыз-Ата маданият үйүн каттоодон өткөрүү айыл

өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин экономика,бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Турдуев