Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы

 

2015-жылдын 4-апрели № 18-8

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата спорт комплексин Кыргыз-Ата

футболдук клубуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата спорт комплексин Кыргыз-Ата футболдук клубуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата спорт комплексин Кыргыз-Ата футболдук клубуна убактылуу пайдаланууга келишимдин негизинде 3 жылдык мөөнөткө берилсин.

3. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата спорт комплексин Кыргыз-Ата футболдук клубуна убактылуу пайдаланууга келишимдин негизинде 3 жылдык мөөнөткө айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Турдуев