Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы

 

2015-жылдын 4-апрели № 18-9

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына актовый зал курууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына актовый зал куруу жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына тиешелүү жерге бакча үчүн актовый зал курууга макулдук берилсин.

2. “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына актовый зал курууга керектүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кыргыз-Ата

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Турдуев