Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы

 

2015-жылдын 4-апрели № 18-10

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Т.Темиралиев атындагы орто мектебине

актовый зал курууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Т.Темиралиев атындагы орто мектебине актовый зал куруу жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Т.Темиралиев атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына жаныдан актовый зал курууга макулдук берилсин.

2. Т.Темиралиев атындагы орто мектебине актовый зал курууга керектүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кыргыз-Ата

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Турдуев