Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин депутаттарынын 18 сессиясы

 

2015-жылдын 4-апрели № 18-11

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин токтомдорун өз убагында юстициядан каттоодон өткөрүп туруу жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин токтомдорун өз убагында юстициядан каттоодон өткөрүп туруу боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине негиз мыйзамда көрсөтүлгөн убакытта, өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен тапшырып туруу жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп туруу Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Назарбаевге тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Турдуев