Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры№ 16-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылдын 9 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылдын 9 айы ичинде аткарылышы боюнча Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап чыгып жана айылдык кеңешинин талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айлык бюджетинин киреше бөлүгү такталган план 4884.6 миң сом болсо, аткарылгандыгы 5562.6 миң сомго же 113.8 пайызга, чыгаша бөлүгү план боюнча 11236.7 миң сомго, аткарылгандыгы 9751.8 миң сомго же 86.8 пайызга бекитилсин. (тиркелет)
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Аматова жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштер сунуш пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |