Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-3
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын социалдык-экономиканын өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштери жана социалдык обьектилердин 2014-2015-жылдардагы кышка даярдыгы жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын социалдык-экономиканын өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштери жана социалдык обьектилердин 2014-2015-жылдардагы кышка даярдыгы боюнча Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык аймагында 2014-жылдын 9 ай ичинде социалдык-экономиканын өнүгүүсүндө айылдык аймагындагы мекеме-ишканалар, чарбалык субьектилер жана айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы менен катар, айылдык аймагында айыл чарба, өнөр-жай өндүрүшүн жогорулатууда, салыктарды топтоодон, электр энергиясынан ж.б. төлөмдөрдү чогултууда айрым кемчилдиктерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына, салык инспекторлоруна айылдык аймагындагы мекеме-ишкана жетекчилерине 2014-жылдын 9 ай ичинде кетирилген кемчилдиктерин оңдоо менен , суудан, электр энергиясынан болгон карыздарды кескин кыскартуу боюнча иштерди алып баруу тапшырылсын.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин 2014-2015-жылдардагы кышка даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |