Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-4
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөгү абалы боюнча
№ 10,23 -YБДТнын аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан № 10,23- үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун калктын ден-соолугун чыңдоо, санитардык иштерди жакшыртууда аткарып жаткан иштери боюнча башкы дарыгери М.Абдыкеримова жана К.Койчиевдердин отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калкты медициналык жактан тейлөөдө № 10,23-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. № 10-/БДТнын башчылары М.Абдыкеримовага, С.Жусуевке жана ФАПтын башчыларына :
- айылдын калкын медициналык жактан ар тараптуу тейлөөнү жакшыртуу;
- калк арасында ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, санитардык гигиеналык түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
- ар бир медициналык кызматкерлердин өз микроучасткалары боюнча айыл арасында тазалык, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин активдештирүү боюнча үзгүлтүксүз иштерди алып баруу милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы медициналык мекемелеринде эмдөө иштерине тоскоолдук багытында үгүт иштерин жүргүзүп жаткан атуулдарды тактап, териштирип тыюу салуу айыл аймагынын тескөөчүлөрүнө, аялдар кеңешине, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |