Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-5
Ноокат РИИБнын участкалык инспекторлорунун (ИДН) 2014-жылдын 9 айындагы
кылмыштуулуктун абалы боюнча аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын аймактык тескөөчүлөрүнүн 2014-жылдын 9 айындагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл кеңешинин 2014-жылдын 9 айлык кылмыштуулуктун абалы боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторлору тарабынан аткарылган иштери канааттандырарлык жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Бардык айылдарда кылмыштуулук боюнча айылдык жыйындарды өткөрүү, укук тартибин чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү жана кылмышкерлерди айылдык жы- йындарда талкуулоо, чара көрүү участкалык инспекторлорго жана айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |