Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-6
Кыргыз-Ата айылдык аймагында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык ставкаларын жана таштандыларды
ташуу жыйымынын өлчөмүн киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси жөнүндөгү” 17.10.2008-жыл № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5- беренесинин 5-бөлүкчөсүнүн жана 339,341-беренелеринин талаптарын жана КР “Салык эмес төлөмдөр” жөнүндөгү мыйзамынын 12-1- беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында 2015-жылдын 1-январынан тартып калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн айыл аймагында жер салыгынын ставкасы С=2,0 сом/кв.м. өлчөмүндө колдонууга киргизилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын зоналдык -экономикалык пландоо өзгөчөлүгү эске алынып Кз зоналдык коэффициентинин өлчөмү Кз =1.2 болуп колдонууга киргизилсин
3. Айыл аймагында таштандыларды ташуу жыйымы ар бир кожолукка 1 жыл үчүн 75 сомдон деп белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөдө экономика,бюджет,салык жана ишкерликти колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |