Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-7
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы КБФ жерлерине башталгыч бааны бекитүү жана аукцион менен таркатуу боюнча түзүлгөн комиссия курамын жана комиссиянын иш регламентин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени айылдык кеңештин туруктуу комиссиясында карап чыгып , айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы КБФнын суулудагы, кайрактагы жана бактагы жерлерин 2014-2015-жылдарга ижарага берүү боюнча жер комиссиясы тарабынан кабыл алынган 2014-жылдын 7-октябрындагы КБФ жерлерине башталгыч бааны бекитүү жөнүндөгү чечими бекитилсин.
2. КБФ жерлерин аукцион менен таркатуу боюнча комиссиянын курамы жана иш регламенти бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |