Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-8
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын 21-октябрындагы № 46-токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-октябрындагы “Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу,жерди ижарага жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссия курамына толуктоо,өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” № 46-токтомун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-октябрындагы № 46- токтому бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |