Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМҮ
2011-жылдын 16-марты №4
Шаардын жүргүнчүлөрүн автомобиль транспорту менен ташуучу каттамдарын уюштуруу боюнча ачык конкурс (тендер) өткөрүүнүн Жобосүн бекитүү жөнүндө
Шаардын жүргүнчүлерүн ташуучу агенттигинин башчысынын маалыматын угуп, ошондой эле шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш баюнча туруктуу комиссиянын 2011-жылдагы 12-марттагы отурумунун чечимин эске алып, Шаардык кеңештин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жүргүнчүлөрүн автомобиль транспортү менен ташуучу каттамдарын уюштуруу боюнча ачык конкурс (тендер) өткөрүүнүн Жобосү 1 - тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдүн 1-пункту менен бекитилген Жобого ылайык конкурс (тендер) өткөрүү жагы жүргүнчүлердү ташуучу агенттиктин башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Респүбликасынын Адилет министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчы - юристине (Б. Адылов) милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрөгасы |
Т. Энназаров |