Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-10
Кыргыз-Ата айылындагы жаштардын дене-тарбиясын чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында «Кыргыз-Ата» спорттук комплекси мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз-Ата айылындагы жаштардын дене тарбиясын чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында “Кыргыз-Ата”спорттук комплекси мекемесин түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында “Кыргыз-Ата жаштары” спорттук комплекси мекемеси түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын: мамлекеттик тилде толук аталышы: “Кыргыз-Ата” спорттук комплекси мекемеси, расмий тилде толук аталышы: Учреждение Спортивный комплекс “Кыргыз-Ата”.
2. “Кыргыз-Ата” спорттук комплекси мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Юситиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүктөрүнөн каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Марипов Бакытбек Асамидиновичке жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |