Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-11
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн суудан электр энергиясын чыгаруучу кичи түзүлмөнү курууга жер аянтын убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 52- токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн суудан электр энергиясын чыгаруучу кичи түзүлмөнү курууга жер аянтын убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 52- токтомун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн суудан электр энергиясын чыгаруучу кичи түзүлмөнү курууга жер аянтын убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 52- токтому бекитилсин.
2. Ижарага бекитилип берилген жер аянтына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калктын кызыкчылыгын алдыга коюп мыйзамга ылайык ижара келишимин түзүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |