Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 16-12
Кыргыз -Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылындагы Коконбаева Кыймат атындагы балдар
бакчасын каржылоо жагын кароо жөнүндө
Кыргыз -Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылындагы Коконбаева Кыймат атындагы балдар бакчасын каржылоо жагын суранган ата-энелердин Кайрылуусун карап чыгып, бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп иштеп жаткандыгын эске алып,каржылоого жергиликтүү бюджеттин жетишбестигин угуп жана талкуулап кайрылууну чечүү максатында Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз -Ата айыл окмотунун Борко айылындагы Коконбаева Кыймат атындагы балдар бакчасын каржылоо жагын республикалык бюджеттин эсебинен каржылоого киргизип берүү жагын Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
2. Балдар бакчасын каржылоо жагын республикалык бюджеттин эсебинен каржылоого талап кылган тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Кыргыз -Ата айыл окмотунун ФЭБ нүн башчысы Б.Аматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата Кеӊешинин төрагасы |
С. Турдуев |