Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 23-1
Шайлоого карата Т.Кулатов атындагы айыл аймагына жолугушууга келген саясий партиялардын өкүлдөрүнө шарт түзүү, алардын жарнамалык көрнөктөрүн
орнотууга уруксат берүү жана ижарага акылары жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясында айтылган ой-пикир сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо боюнча келген өкүлдөрдүн эл менен болгон жолугушуусу үчүн маданиятүйү,клуб,стадион, спорт аянтталары айыл өкмөтүнүн келишимине негиз 3000 (үч мин) сом ижара акы төлөө менен берилүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы орнотулган жарнамалык щиттерге саясий партиялардын көрнөк, жарнактарын илүү үчүн бир айга 10 000 (он мин) сом, ал эми соода сатык жана башкаларга 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө ижара акы төлөө жагы бекитилсин.
3. Көчө бойлоруна жарнамалык щиттерди стандарттык өлчөмгө ылайык, айыл өкмөтүнүн келишимине негиз уруксат берилсин.
4. Жайыттан пайдалануучу жерлерге ар кандай жарнамалык сөздөрдү жазууга тыюу салынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «Экономика ,бюджет,сода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Ажибаев. |