Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 23-2
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзүнчө статус алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын айыл башчысы Ж.Паязовдун билдирүүсүндө 2015-жылдын 13-мартындагы элдик жыйында Кожо-Арык айылынан Абшырсай,Т.Бекиев жана Сой жылан бөлүмдөрү өзүнчө айыл болгондугуна байланыштуу «Абшыр-Ата» айылы статусун алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы «Абшыр-Ата» айылынын тургундарынын өзүнчө статус алуу жөнүндөгү 2015-жылдын 13-мартындагы № 11 жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы Абшыр-Ата айылына өзүнчө статус болуп, мамлекеттик классификаторго (САОТЭ) алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Ажибаев. |