Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 23-3
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин XXI-сессиясынын 1 токтомунда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен билим берүү тармагына каралган акчадан Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м жер аянты 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз балоочунун балоо отчетунун негизинде багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевдин билдирүүсүндө Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м 5-05-05-1005-0181 сандуу коду берилген жана мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 574108, 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз балоочунун баалоо отчетунун негизинде, багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып, куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү Исманов Болотбек Талиповичтин жеке менчигиндеги 1500 ч.м 5-05-05-1005-0181 сандуу коду берилген жана мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 574108, 29.05.2015-жылдагы көз карандысыз баалоочунун баалоо отчетунун негизинде, багытын өзгөртүп, балдар бакчасына жер аянтын сатып алып, куруу үчүн 550 000 (беш жүз элүү мин) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо башкармалыгынан жер аянтарынын укугун каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын. Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Ажибаев. |