Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 23-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016 -2017-2018-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун кароо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-февралындагы «2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун жана 2016-2017-2018-жылдарга Кыргы Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү» № 103-б буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депуттардын Т.Кулатов айылдык кенешинин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган .Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү малекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2. Ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин «Экономика ,бюджет,сода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Ажибаев. |