Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 23-5
Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш катын аткарууга алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүндөгү Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндөгү» № 1-428-15 сандуу сунуш каты аткарууга алынсын.
2. Сунуш катта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол койгондугу үчүн айылдык кенешинин жер аянттарын менчик укуктарын аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерге менчик укуктарын бекитип берүү боюнча комиссиясынын төрагасы М.Разаковго эскертүү жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Ажибаев. |