Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 270
Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга бекитилген иш планына ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К. Жолдошевдин Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 26-майындагы № 3-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К. Жолдошевдин Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев):
- Ош шаарындагы №3 М.В. Ломоносов, №6 А.С. Макаренко жана № 5 Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептерине, өспүрүмдөр менен иштөө инспециясынын кызматкерлерине иштөө үчүн бөлмө жана ыңгайлуу шарт түзүү милдеттендирилсин;
- Ош шаарында атайын жана ички иштер кызматтардын, граждандык коомчулуктун, дин чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн диний экстремизм жана терроризм менен биргеликте күрөшүү боюнча борбор түзүү маселеси сунушталсын.
3. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К. Жолдошев):
-коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш чараларды күчөтүү;
- жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте иш алып баруу;
- коомдук жайларда, коомдук тартипти сактоо боюнча күжүрмөндүктү жогорулатуу;
-шайлоонун алдында Ош шаарынын аймактык кеңештеринде биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын жеке пин-коддорун чогултуу боюнча жүрүп жаткан иштердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылсын жана Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө, жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешине маалымат бер\\ милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М. Адашбаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: | У. Примов |