Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 271
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы №105-“Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө
Ош шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын башчысы Б. Кудайбердиевдин Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 105-“Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 105-“Ош шаарындагы тышкы миграциянын абалы жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев):
- Ош шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы тарабынан жылына эки жолу, жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча аймактык кеңештер менен биргеликте Ош шаарында катталбай жашап жүргөн жарандардын санын тактоону камсыз кылуу;
- Ош шаарындагы ички мигранттардын санын аныктоо жана каттоо боюнча аймактык кеңештерге ыйгарым укуктарды берγγ маселесин карап чыгуу тапшырылсын;
Аткарылган иштер боюнча Ош шаардык кеңешине ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен маалымат берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Ишанов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: | У. Примов |