Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 272
Ош шаарынын № 2-автобекетин ишке киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 8-апрелинде №123/08-6 менен Ош шаарындагы автобекетти жылдыруу жөнүндөгү катын жана жылдыруу боюнча иш-чаралардын планын карап чыгып жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 15-апрелиндеги №5-токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында авто тыгындарды жоюу, жол кыймылын иретке келтирүү, шаар экологиясынын сакталышын камсыз кылуу максатында №1-автобекетинен облустар, шаарлар аралык жүргүнчү ташуучу автобустарды, кичи автобустарды жана баш аламан жайгашкан жеңил авто унааларды (таксилердин баардык түрү) Ош шаарынын мэриясы (А. Кадырбаев) төмөндөгү иш чаралардын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу менен №2–автобекетине жылдырууну ишке ашыруу:
-Ош мамлекеттик автобекеттер жана бекетчилер мекемесине (А. Сабиров) №2-автобекетин капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчун каржы булактарын табуу жана оңдоп түзөөдөн өткөрүү, №2-автобекетинин ишмердигин камсыздоо жана жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Авто унаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежеси жөнүндөгү мыйзамынын негизинде камсыздоо жана №2-автобекетинде жүргүнчүлөрдү жетиштүү тейлөө үчүн соода сатык иштерине шарттарды түзүү;
- Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун Мамлекеттик агентствосунун Ош аймактык башкармалыгына (Б.Тезекбаев) облустар, шаарлар аралык жүргүнчү ташуучу автобустар, кичи автобустар кыймылынын схемаларын шаарга кирүүсүн өзгөртүүнү эске алуу менен түзүү;
- Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине (Н. Курманбаев), Ош шаардык муниципалдык авто транспорт мекемесине (Р. Мырзагулов) жана Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун Мамлекеттик агентствосунун Ош аймактык башкармалыгына (Б.Тезекбаев) шаардын чыгыш, батыш, түндүк, түштук тарабынан каттоочу маршруттук каттамдардын схемасын №2-автобекетинен өткөрүүнү, борбордук базардан №2-автобекетке чейин арзан баада экспресс коомдук маршруттук каттамдарды уюштуруу;
- Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына (К. Жолдошев) облустар, шаарлар аралык, шаар четине каттоочу автобустардын, кичи автобустардын жана жеңил авто унаалардын баш аламан жүргүнчүлөрдү ташуу иштерине чек коюу жана жеңил авто унаалардын (таксилердин) өз алдынча автотоктомолорун жоюу;
- №2-автобекетинин коопсуздук маселесин комплекстүү кароо жана жакын жайгашкан авто май куюучу жайын (АЗС) жылдыруу;
- Ош шаарынын чыгыш жана батыш тарабына кошумча кичи автобекеттерин уюштурууну 2016-жылдын иш-планына киргизүү;
- №2-автобекетине жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү, шарттарын жакшыртуу, инфраструктурасын жаңылоо жана келечектүү, туруктуу иш алып баруусу үчүн Кыргыз Республикасынын өмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министирлигине Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча кайрылып, тийиштүү аракеттерди көрүү милдеттендирилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: | У. Примов
|