Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 273
Ош шаарындагы билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсановдун Ош шаарындагы билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсановдун Ош шаарындагы билим берүү тармагында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарындагы билим бер ү ү тармагында аткарылып жаткан иштердин натыйжасы жогорку деңгээлге көтөрүүнү талап кылаары белгиленсин.
3.Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (К.Кимсанов) маалыматта белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды камсыздоо;
- шаардык Кеңештин токтомдорун мектептерге жана мектепке чейинки мекемелерге жеткирип, алардын өз убагында аткарылышын камсыздоо;
- мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин ишмердигин такай көзөмөлгө алуу, алардын ишинде формалдуулукка жол бербөө жана өз функцияларын аткаруу боюнча талапты күчөтүү;
- мектептерде жана балдар бакчаларында балдарга берилүүчү тамак-аштын сапатына жана калориялуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, ата-энелер менен байланышты кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чыңдоону, такай алар менен биргеликте иш алып барууну, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү камсыздоо;
- мектептерде жетишпеген мугалимдер маселесин чечүү боюнча шаардык мэрияга жана тиешелүү министрликке конкреттүү сунуш киргизүү;
- окуучулардын сабактарга катышуусун такай көзөмөлдөө жана алардын сабак учурунда интернет-клубдарга баруусуна тыюу салуу милдеттендирилсин.
4.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) шаардык билим берүү башкармалыгынын, шаардагы билим берүү мекемелеринин ишмердигин такай көзөмөлгө алуу, жерине чыгып, алардын абалы менен таанышып, орун алган көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин.
5.Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (У.Каратаева) шаардын мектептериндеги жана балдар бакчаларындагы санитардык абалды, тамак-аштын сапатын жана калориялуулугун такай көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
6.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Р.Эргешов).
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) тапшырылсын.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: | У. Примов
|