Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 274
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан
аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык кеңешинин 2015-жылга бекитилген иш-планына ылайык, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, башкармалыктын башчысы Б.Токторовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 12-майындагы №16-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө, башкармалыктын башчысы Б.Токторовдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына 6 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 ветеринардык врач, 1 программист жана 1 юрист штаттарын ачып берүү;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын калкын 2015-жылдын аягына чейин жаратылыш газы жана таза суу менен камсыз кылуу;
- Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) укугун Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жооптуу катчысына алып берүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу жасоо жагы;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысына кызматтык унаа сатып алуу жана башкармалыктын башчысынын орун басары штатын ачып берүү жөнүндөгү маселени талдап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кароосуна сунуш киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У. Примов
|