Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 275
Ош шаардык кеңешинин 2014-жылы
кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы кезексиз сессиясынын №256-Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндөгү токтомуна ылайык, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Осмоновдун Ош шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Осмоновдун Ош шаардык кеңешинин 2014-жылда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясы (А.Кадырбаев)
-Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунан балдар бакча жана тез жардам пунктун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү карап чыгуу;
-Ош шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордо милдеттендирилген иш чараларды белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылуу жана жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө маалымат берүү;
-Ош шаардык Кеңешинин сессияларынын кароосуна сунушталган материалдарды кечиктирбестен өз убагында тапшыруу милдеттендирилсин.
3.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы №240 “Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү” токтомунун 2-пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн (М.Адашбаев).
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У. Примов
|