Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 276
Шаардык кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын
курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шаардык кеңештин депутаттары, Кыргызстан социал-демократтар партиясы фракциясынын мүчөсү Етмишев Ибрагимжан Махмуджановичтин жана «Улуттар биримдиги» фракциясынын мүчөсү Кадырбек кызы Нуркыздын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына жана алардын ордуна Карабаева Малохатхон Тахировна жана Джунусбаев Сонунбек Калмаматович депутаттык мандат алгандыктарына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Етмишев Ибрагимжан Махмуджанович өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан, Кадырбек кызы Нуркыз социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. Карабаева Малохатхон Тахировна өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына, Джунусбаев Сонунбек Калмаматович социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У. Примов
|