Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 30-марты №4
Жер жана мүлк салыктарын Жалал-Абад шаарынын аймагында ишке киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан тартып Жалал-Абад шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгы киргизилсин.
2. Жалал-Абад шаардык салык кызматынын башчысына (Э.Чоюнов) мүлк жана жер салыгын чогултууда ушул токтомду колдоого алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысына (Г.Мамашева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Эрматов |