Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 281
Ош шаарынын «Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө»
Жобосун бекитүү
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 25-майындагы №194/08-6- Ош шаарынын «Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин» Жобосун бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 21-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын «Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө» Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармалыгына караштуу шааркуруу кеңеши” жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 7-майындагы №34-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У.Примов
|
| Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII-сессиясынын №281-токтомуна №1-тиркеме |
Жалпы жоболор.
Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин милдеттери, функциялары жана милдеттенмелери.
Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин укуктары.
Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердигин уюштуруу.
1.1. «Ош шаарынын Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө жобо» Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шааркурулуш жана архитектура жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Жарандык Кодекстерине, Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2007-жылдын 10-августундагы № 248 токтому менен бекитилген «Ош шаарындыгы курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине» нормативдик актысына, Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш жана архитектура ишмердигин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши төмөндөгү маселелерди коллегиялдык жана профессионалдык түрдө кароо, чечим кабыл алуу жана баа берүү үчүн түзүлөт:
- жарандардын турмуш-тиричилигине ыңгайлуу чөйрөнү жаратуу боюнча максаттуу багытта шааркуруу саясаты боюнча;
- шаардын башкы планына ылайык, Ош шаарынын аймагындагы регионалдык шааркуруу программаларын жана долбоорлору боюнча;
- тарых жана маданият эстеликтерин, табият ландшафттарын коргоо боюнча көмөктөшүү;
- шаардын жер ресурстарын пайдалануунун рационалдуулугу боюнча;
- жарандардын турмуш-тиричилигинин ыңгайлуулугун жаратуучу маселелер боюнча;
- калкты архитектура жана шааркуруу областында кесипкөйсүз ишмердүүлүктөн коргоо;
- Ош шаарынын аймагындагы шааркуруу жана архитектуралык чечимдерди, курулуш долбоорлорун (ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчик түрүнө карабастан);
- Шаар чөйрөсүн түзүүчү кичи архитектуралык формаларды жана комплекстерди;
- Шаарды жашылдандыруу жана абаттандыруу долбоорлорун;
- Мамлекеттик, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды сактоо менен шааркуруу жана архитектура чөйрөсүндөгү шарттарды түзүү;
- Шааркуруу маанисине ээ болгон башка маселелер;
1.3. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин курамы Ош шаарынын башкы архитекторунун сунушу боюнча түзүлөт жана Ош шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
1.4. Архитектуралык-Шааркуруу кеңеши шааркурулуш жана архитектура областындагы жогору квалификациялуу адистерден, ошондой эле каралып жаткан маселеге жараша шаардык эксплуатациялык жана көзөмөлдөө кызматтардын («Ошэлектро», «Ошшаарсууканал», Ош шаардык телефон тармактары, ОшГАЗ, Ош шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы ж.б.) жетекчилеринен түзүлөт жана Ош шаардык депутаттар кеңешинин атайын комитетинин макулдашылган жана сунушталган үч депутаттар курамды толуктайт.
Ош шаарын жана шаардык чарбанын, анын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн өзгөчө көйгөйлөрүн кеңири талкулоо жана Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин кеңешмесинде квалификациялуу чечим иштеп чыгуу үчүн туруктуу мүчөсү болбогон республикалык тийиштүү органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн, алардын келишинин чыгымдарын каржылоо маселеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылат.
1.5. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши өз ишмердигин:
-пленардык кеңешме түрүндө;
-оперативдик иш түрүндө (Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин кезектеги пленардык кеңешмесинде кароого маселелерди киргизүү үчүн материалдарды талдап кароо жана даярдоо) жүзөгө ашырылат.
1.6. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин чечими, Ош шаарынын аймагында жүзөгө ашырылуучу долбоорлорду каржылоо, долбоорлоо, экспертиза, макулдашуу жүргүзүүчү мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке тараптар тарабынан чечимдерди кабыл алууда милдеттүү мүнөзгө ээ;
1.7. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана кодекстерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Ош шаардык кеңештин, Ош шаардык мэриясынын токтомдорун, Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш-архитектуралык жана курулуш ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин, башка ченемдик укуктук актыларын жетекчилике алат.
1.8. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердүүлүгү Ош шаарынын баардык аймактарына тиешелүү.
2.1. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин милдеттери болуп Ош шаарынын мэриясында жана Ош шаарынын башкы архитекторуна Ош шаарынын бекитилген Башкы планынын негизинде багыттарын ишке ашырууда жана архитектуралык шааркурулуш жана инженердик-техникалык долборлоо чечимдеринин сапатын баалоо:
- уруксат берүү жана долбоорлоо документерин жол жоболоштурууда жана иштеп чыгууда субьектелер тарабынан шааркурулуш-архитектуралык ишмердик ченемдик-укуктук жана шааркурулуш талаптарынын сакталышын контролдоо;
- түштүк борбордун өзгөчө жана өзүнчө бир башкача архитектуралык көркөмдүк тышкы көрүнүшүн түзүү;
- рационалдуу пландоо, транспорттук комуникациялык жана инженердик техникалык инфраструктурасы менен бирдиктүү жайлуу жана өнүгүүчү шаардык чөйрөнү түзүү;
- шаардык чөйрөнү жана өнөр жай жана комуналдык кампа зоналарын реаблитациялоо;
- жаратылыш чөйрөсүн, шаардык ландшафтын архитектуралык-шааркурулуш жана эстетикалык сапаттарын сактоо жана көбөйтүү, тарыхый эстеликтерди, маданиятты, шааркурулушту, архитектураны, жашылдандырууну жана монументалдык искусствону коргоо;
- Ош шаарынын баардык аймагындагы жаңы жана реконструкциялануучу куруу зоналарынын жана шаардын четиндеги зоналарынын шааркурулуш архитектуралык-көркөмдүк деңгеелин жогорулатуу максатында Ош шаарын курууда жана реконструкциялоодо бирдиктүү шааркурулуш саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2.2. Архитектуралык-Шааркуруу кеңеши Ош шаарынын деталдуу пландоо зоналарынын долбоорлорун, Ош шаарынын конуштарынын жана жеке турак курулуш зоналарынын башкы пландарынын чиймелерин карайт жана бекитет.
Архитектуралык-Шааркуруу кеңеши тарабынан каралган жана жактырылган жогоруда саналган шааркурулуш документ Ош шаарынын башкы Башкы архитектору менен макулдашылат.
2.3. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешине төмөнкү обьекттер боюнча Ош шаарынын Башкы архитектору менен макулдашканга чейин иштелип чыккан долбоорлоо документтерин кароо жана талкулоо функциялары жүктөлөт.
- мамлекеттик же шаардык бюджеттен толук же толук эмес каржылануучу курулуш обьекттери боюнча;
- долбоорлонуучу обьекттин архитектуралык-пландоо жана архитектуралык –көркөмдүк чечимдерин макулдашуу талаптарын өзүнө камтыган шааркурулуш регламенттерин коюу үчүн жер участокторго жайгашкан обьекттер боюнча.
2.4. Архитектуралык-шааркуруу кеңешине Ош шаарынын мэри жана Ош шаарынын башкы архитектору менен макулдашуу үчүн квалификациялуу эксперттик корутундуларды эске алуу менен төмөндөгүлөр боюнча рационалдуу жана оптималдуу чечимдерди кароо жана талкулоо, аларды кабыл алуу жүктөлөт.
- Ош шаарынын шааркурулуш түйүндөрүнүн, аянттарынын, магистралдарынын курулушун өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү шааркурулуш концепцияларынын негизинде оперативдүү жана стратегиялык чечими боюнча:
- Ош шаарынын райондорунун курулушунун шааркурулуш жана архитектуралык пландоо долбоорлору жана реконструкциясы боюнча;
- жашылдандыруу ландшафтык архитектура долбоору боюнча;
- шаардык чөйрөнүн дизайнынын, декоративдүү жарыктандыруусунун, жарнаманын, монументалдык искусствонун жана кичи архитектуралык формалардын долбоору боюнча.
2.5. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин талкуусуна утурумдук долбоордук сунуштар менен катар долбоорлоо уюмдарынан, инвесторлордон, заказчы курулушчулардан, кээ бир жарандардан жана коомдук уюмдардан же жогору турган органдардан Ош шаарын, анын кээ бир аймактарын жана шаар четиндеги зоналарын прогрессивдүү, рационалдуу жана натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2.6. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесинин укуктуулугу анын мүчөлөрүнүн кворуму менен белгиленет.
Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин чечими Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесинде катышып жаткан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2.7. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин чечими кенешме өткөндөн кийин бир жумалык мөөнөттө кабыл алынып жаткан чечимдерди так жана негиздүү аргументтери менен протокол түрүндө жоболоштурулат.
2.8. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кенешмесинин протоколу Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин төрагасы Ош шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
2.9. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин белгиленген тартипте бекитилген чечими алардын менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык субьектер, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жана шаардык эксплуатациялоочу кызматтары тарабынан шааркурулуш архитектуралык жана курулуш ишкердигин Ош шаарынын аймагында аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин белгиленген тартипте бекитилген чечими Ош шаарында обьекттерди долбоорлоого уруксат берүү документтерин жол жоболоштуруу үчүн бирден бир негизи болуп саналат.
2.10. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин кенешмеси туруктуу негизде долбоордук сунуштардын түшүүсүнө жараша жүргүзүлөт.
3.1. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши төмөнкү укуктарга ээ:
- Ошбашкыархитектурадан, Ош шаарынын эксплуатациялык жана ведомстволук көзөмөлдөө кызматтарынан, алардын менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан долбоордук уюмдардан жана заказчы курулушчулардан Архитектуралык-шааркуруу кеңешинде кароодо шааркуруу ниеттери жөнүндө долбоордук материалдарды даярдоо процессинде зарылчылыгы табылган материалдарды (документтер, эсептер, иймелер, сүрөттүү материалдар) суроого:
- Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кенешмесинде долбоордук сунуштарды кароо жана талкулоо процессинде катышуусу керек болгон инвесторлордон, заказчы курулуштардан, долбоордук жана подряддык уюмдардан, Ош шаарынын эксплуатациялык кызматтарынын жана башка уюмдардан жана ишканалардан кызыккан өкүлдөрүн чакырууга;
- жогору турган органдардын тапшырмасы боюнча долбоордук сунуштар боюнча квалификациялуу эксперттик корутундуларды берүүгө;
- массалык маалымат каражаттарына жарыялоо үчүн Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин жалпылоо, анализдөө жана корутундуларды даярдоого жана берүүгө;
- жогору турган инстанцияларга долбоордук документти бекитүүгө берүүгө;
- тиешелүү органдарга мыйзамсыз курулуштар боюнча, долбоордук чечимдерден одоно алыстаган курулуштарды токтотуу, шааркуруу тартиптерин, күчүндөгү мыйзамдарды, курулуш нормаларын жана эрежелерин бузган күнөөлүү жактарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштарды берүү;
3.2. Төрага төмөнкү укуктарга ээ:
1) Төрага жогору турган органдарга Шааркурулуш кеңешинин чечимдерин сунуштоо жана коргоо укугуна ээ.
2) Архитектуралык-шааркуруу кеңешмесинде өз көз карашын, сунуштарын коргоо;
3) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кезексиз кеңешмесин чакыруу;
4) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесине чакырылган мүчөлөрдүн, долбоордун үстүндө иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда катышкан буюртмачылардын өкүлдөрүн, долбоордук, курулуш жана башка уюмдардын өкүлдөрдүн, андан сырткары кызыгуусун жараткан коомчулуктун өкүлдөрдүн, шаардын жарандардын тизмесин аныктоо;
5) ар бир кеңешмеде регламентти так аныктоо;
6) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесинин протоколун бекитүү;
3.3. Төраганын орун басары төмөнкү укуктарга ээ:
1) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин төрагасынын катышпаган учурда анын милдеттерин аткаруу;
2) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин отурумуна чейин кеңешмеде каралуучу материалдардын тизмесин макулдашуу;
4.1. Архитектуралык-шааркуруу кеңешин Ош шаарынын мэри жетектейт.
4.2. Ошбашкыархитектуранын башчысы - Ош шаарынын Башкы архитектору Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин төрагасынын орун басары болуп саналат.
4.3.Ошбашкыархитектуранын өкүлү - Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин катчысы Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердигин уюштурууну жана координициялоону жүзөгө ашырат.
4.4. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесин өткөрүү орду – Ошбашкыархитектуранын залы, Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залы.